БЕНЕФИЦИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЕФИ́ЦИЙ (лат. beneficium – жакшылык) – 1) Байыркы Римде императорлор тарабынан элге берилген ар түрдүү жеңилдиктер (карыздан куткаруу, алык-салыктан бошотуу, наам берүү ж. б). 2) Батыш Европада алгачкы орто кылымда административдик же аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн ко­роль же ири жер ээси тарабынан белгилүү мөө­нөткө берилүүчү сыйлык (көбүнчө жер түрүндө). Бенефиций Франк мамлекетинде Карл Мартеллдин бе­нефициялык реформаларынан кийин тарала баштаган. Акырындап убактылуу пайдала­нылуучу жерлер түбөлүк мураска бериле баш­тап, Бенефиций феодалдык менчикке – феодго айлан­ган. 3) Католик чиркөөсүндө дин кызматкерин кирешелүү кызмат берип сыйлоо.