БЕНЕШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́НЕШ Эдуард (28.5.1884, Кожлани, Чехия – 3.9.1948, Сезимово-Усти, Чехия) – Чехослова­киянын мамлекеттик ишмери. 1915–18-жылдарда Парижде түзүлгөн Чехословакиялык улуттук советтин генералдык секретары. Бенеш Чыгыш Европадагы күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоо максатын­да Кичи Антантаны (1921) түзүүчүлөрдүн бири. Ал Улуттар Лигасынын ишмердүүлүгүн чечкин­дүү түрдө колдогон, Улуттар Лигасынын Кооп­суздук Советинин (1923–27) ж-а комитетинин (1927–38) мүчөсү. 1918–35-жылдарда Чехословакиянын тыш­кы иштер министри, 1935–38-жылдарда президенти. Мюнхен макулдашуусунан кийин отставкага кеткен. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехо­словакиянын эмиграциядагы өкмөтүн жетекте­ген (1940-жылдан). 1945-жылы мекенине кайтып келген ж-а 1946–48-жылдарда Чехословакиянын прези­денти болуп шайланган. 1948-жылы февралда ком­мунисттердин бийликти басып алуусунан ки­йин отставкага кеткен.