БЕНЗИЛХЛОРИД
БЕНЗИЛХЛОРИ́Д , б е н з о л х л о р т о л у о л, C6H5CH2Cl – кескин жыттуу түссүз суюктук. Молекулалык массасы 126,59, эрүү t 39°С, кайноо t 179,3°С; этанолдо , хлороформдо, бензолдо чексиз эрийт: сууда эрибейт. Бензилхлорид сууну кошуп ысытса, акырындык м-н гидролизденип, бензил спиртин C6H5CH2 ОН, ḴСṆ м-н реакцияга кирип, бензилцианидди, аммиак же амин м-н бекнзил бирикмелерин пайда кылат. ндъръшт\толуолдуультра-кызгылк\к пайда кылат. Ал бадам, шабдалы, өрүк ж-а алчанын ачуу данектеринде кездешет. Өндүрүштө толуолду кычкылдандыруу ж-а бензилхлоридди же бензилиденхлоридди гидролиздөөдөн алынат. Б. а. фенилуксус альдегидин, жыпар жыттуу бирикмелерди, боёкторду алууда ж-а парфюмерияда жагымдуу жыт берүүчү зат катары, тамак-аш эссенциясын алууда колдонулат.