БЕНИН-СИТИ
БЕНИ́Н-СИ́ТИ – Нигериянын түш. бөлүгүндө жайгашкан шаар. Эдо штатынын адм. борбору. Калкы 1,1 млн (2005). Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. 13–19-к-дагы Б-нин мамлнин борбору. Бенин музейи (байыркы Бенин скульптураларынын коллекциясы), ун-т, каучук ил.-из. ин-ту, соода борбору (май пальмасынын продуктулары, кола жаңгагы, какаобуурчак, каучук, жыгач материалдары, пил сөөгү, калемпир), хим., нефть-хим. (каучукту кайра иштетүүчү, шина өндүрүшү), жыгаччылык, тамак-аш, жеңил, мебель өнөржайлары бар, көркөм промысели (жыгачты, пил сөөгүн кооздоо, коло куюп буюм жасоо) өнүккөн. Б.-С-ге жакын жерден нефть казылып алынат.