БЕНИН-СИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНИ́Н-СИ́ТИ – Нигериянын түштүк бөлүгүндө жайгашкан шаар. Эдо штатынын административдик борбору. Калкы 1,1 млн (2005). Жолдор тоому. Эл ара­лык аэропорту бар. 13–19-кылымдардагы Бенинин мамл­екетинин борбору. Бенин музейи (байыркы Бенин скульптураларынын коллекциясы), университет, кау­чук илим-изилдөө институту, соода борбору (май пальма­сынын продуктулары, кола жаңгагы, кака о­буурчак, каучук, жыгач материалдары, пил сөөгү, калемпир), химия, нефть-химия (каучукту кайра иштетүүчү, шина өндүрүшү), жыгаччы­лык, тамак-аш, жеңил, мебель өнөр жайлары бар, көркөм промысели (жыгачты, пил сөө­гүн кооздоо, коло куюп буюм жасоо) өнүккөн. Бенин-Ситиге жакын жерден нефть казылып алынат.