БЕНОНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНО́НИ (Benoni) – ТАРдагы шаар. Йоханнес­бургдун шаар-спутниги. Калкы 605 миң (2005). Витватерсранд кендүү аймагынын чыгышында жайгашкан. Темир жол станциясы бар. 1904-жылы негизделген; 1907-жылдан шаар. Бенониде жогорку ж-а учкучтарды даярдоочу мектептер, педагогикалык ж-а техникалык коллеждер, музей (1994) бар. Алтын казып алуу өнөр жайынын борбору. Металл иштетүүчү, текстиль (анын ичинде жут), кара металлургия, маши­на куруу (темир жол вагондору, локомотивдер), электр-техника жабдуулар өндүрүшү иштейт.