БЕНТОС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 27 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́НТОС (гр. btnthos – тереңдик) – океан, деңиз ж-а көл түбүндө жашоочу организмдер жыйын­дысы. Бентос организмдери суу түбүндөгү субстрат­ка жараша тиричилик өткөрөт ж-а зоо бентос (жаныбарлар), фито бентос (өсүмдүктөр), бакте­рия бентос (бактериялар) болуп бөлүнөт. Деңиз зоо бентосуна фораминиферлер, былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, асцидиялар, балыктар; фи­то бентоско деңиз түбүндөгү бактериялар, балыр­лар кирет. Деңиз Бентосу балык сыяктуу суу жаны­барларына жем, айрымдарын (балыр, краб ж. б.) адамдар тамак-ашка пайдаланат. Ысык-Көлдүн зоо бентосуна нематоддор, олигохеттер, сүлүктөр, жумшак денелүүлөр (үлүлдөр), муунак буттуулар, курт-кумурскалар, алардын личин­калары кирет. Бентостун курамы, таралышы, биологиялык продуктуулугу төмөнкү экологиялык факторлорго бай­ланыштуу: субстраттын мүнөзүнө ж-а анын ту­руктуулугуна, суу агымынын ылдамдыгына, температурасына, газ режимине ж. б. Бентостун океан­дагы жалпы биомассасы 10 млрд т га жетет; анын 90%ке жакыны шельфке ж-а материктик капталдарга туура келет.

К. Молдошев.