БЕРБЕРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 27 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРБЕ́РА – Сомалинин түндүк-батыш бөлүгүндөгү шаар. Калкы 242,4 миң (2005). Өлкөнүн Аден булуңунун жээгиндеги эң негизги порту [жы­лына 0,4 млн т жүк ташылат; сыртка мал (тирүүлөй), тери сырьёлору негизинен араб өлкөлөрүнө чыгарылат]. Жолдор тоому. Аэро­порту бар. Араб географтарынын эмгектеринде 13-кылымдан эскерилет. 1875-жылы Египет басып ал­ган. 1884–1941-жылдарда Британия Сомалисинин бор­бору. Египет храмынын урандылары, эски суу куурлары сакталган. Курулуш материалдар өндүрүшү (цемент, гипс) иштейт. Балык карма­лат. Барберанын түштүгүндө ниобий кени казылып алынат.