БЕРДИБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРДИБАЕВ Абдрашит (1916-ж. т., Чүй обл., Москва р-ну, Малтабар кыш. – 1980, Фрунзе) – акын, төкмө ырчы, обончу, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. кызматкер (1974). Ымыркай чагында эки көзү азиз болуп калган. Адегенде казактын домбрасын, 15 жашынан комуз черт­кен. Сарыкунан Дыйканбай уулунан «Жаныш- Байыш», «Кожожаш», «Болот менен Мөөр» («Ак Мөөр») дастандарын, обончу Ызакандын «Ак келин», «Сугатчы», «Бөдөнө-кыргый» де­ген ырларын үйрөнгөн. 1944–53-ж. Кыргыз мамл. филармониясында ырчылык кесипте эм­гектенет. «Түшүмдө», «Кызыл гүл», «Жыттаган­да гүлүңдү», «Сирень гүлү», «Жүрөгүмдүн сырын ук», «Селкиге кат», «Сырга», «Кызылчачы ке­линдин ыры», «Жүгөрү», «Пахтачы келин», «Менин өлкөм» ж. б. белгилүү ырлардын сөзүн, обондорун өзү чыгарган ж-а жумшак, мукам­дуу үнү м-н аткарган. «Сынга сыпат толгондо», «Батмажан», «Тракторчу кыз» аттуу ырларына А. Малдыбаев, Б. Эгинчиев, Б. Исаков ж. б. обон чыгарган. Алгачкы ыры басма бетине 1938- ж. жарыяланган. Жыйнактары: «Ырлар жый­нагы» (1949), «Ырлар» (1958), «Добуш» (1965), «Адамдын жолу» (1965), «Тандалган ырлар» (1970), «Адамдарга ачык кат» (1970), «Даңктайм сени, Кыргызстаным» (1973). Айрым китептери орус тилине которулган.

Ад.: Алагушов Б. Булбулдар. Б., 1991.