БЕРЕЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 27 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРЕЗИ́Т (Уралдагы Берёзовск кенинин аты­нан) – курамы кварцтан (25–50%), альбиттен (5–25%), серициттен (10–15%), карбонаттан (0– 10%) түзүлүп, кварцтын, кээде кенташтын (ру­данын) жука тарамдары м-н тилкеленген ж-а пиритке байып, өзгөрүлгөн тоо тек. Березит интрузия тоо тектерине (гранит, гранит-порфир ж. б.) кен­ташка бай гидротермдик эриндилердин тийгиз­ген таасиринен пайда болот. Березит ж-а березиттүү тоо тектер – алтын ж. б. металлдардын кенде­рин издеп табуунун бир белгиси.