БЕРИЛЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 27 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРИ́ЛЛ (гр. beryllos) – силикаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Bе3Al2 [Si6O18]. Гекса­гон сингониясында кристаллданат. Катуулугу

Моос шкаласы боюнча 7,5–8. Салыштырма салмагы 2,6–2,8. Ай­нектей жалтырак. Өңү ар түрдүү: көгүлтүр түстөгү­сү – аквамарин, жашылы – изумруд, саргычы – гелиодор, кызгылты – воробьевит, мала кызгылт же түссүзү ростерит деп аталат. Негизинен пег­матитте, грейзенде, скарнда кезигет. Берилл – берил­лий алынуучу негизги кенташ. Кээ бир кооз түрү кымбат баалуу асылташ катары колдонулат.