БЕРИНГ КЫСЫГЫ
БЕ́РИНГ КЫСЫГЫ Азия м-н Түндүк Американын аралыгында. Түндүк Муз океанды (Чукча деңизи) Тынч океан (Беринг деңизи) м-н туташтырат. Узундугу 96 км, эң кууш жери 86 км, эң тайыз жери 36 мге чейин. Кысык боюнча Диомид аралынын ортосунан Россия м-н АКШнын мамлекеттик чегарасы өтөт. Кысык Берингдин ысмынан аталган.