БЕРКЕ
БЕРКЕ (1209–1266) – Алтын Ордонун ханы (1255–66). Жучунун үчүнчү уулу, Батыйдын иниси. Жучунун тушунда эле Дашт-и-Кыпчак ж-а Түркстан аймагын башкарган. Ал бийликке келгенден кийин Алтын Ордо аймагында ислам дининин кабыл алынышы, ал жерде араб маданиятынын таралашына жагымдуу шарт түзгөн. Беркенин тушунда Алтын Ордо Моңгол империясына баш ийбей, өз алдынча болуп калган. Ал Актөбөгө Берке-Сарайын курдуруп, шаар 14-кылымдын 1-жарымында Алтын Ордонун борбору болот. Соода, кол өнөрчүлүк өнүгүп, курулуш иштери жанданган. Беркенин доорунда Руста элден салык жыйноо максатында эл каттоо жүргүзүлүп (1257), салык жыйноо милдети баскактарга жүктөлгөн. Орус княздары өз аймактарын башкарууну Берке хан тарабынан берилген атайын жарлыктын негизинде гана жүргүзө алган. Баскактардын зомбулугу элдин нааразылыгын пайда кылып, 1259-жылы Новгороддо, 1262-жылы Суздалда, Ростовдо ж. б. жерлерде көтөрүлүштөрдүн чыгышына себеп болгон. 13-кылымдын 50-жылдарынын аягында Литвага, Болгарияга ж. б. жерлерге жортуул уюштурган. 1262-жылы анын аскерлери тарабынан Византиянын ээликтери талкаланган. Берке 1266-жылы Кавказга жортуул жасаган учурунда кайтыш болуп, сөөгү Сарай-Беркеге коюлган.