БЕРКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РКОВ Павел Наумович [2.(14).12.1896, Бел­город-Днестровский – 9.8.1969, Ленинград] – орус адабиятчысы, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1960). Ал 18–20-к-дагы орус ад-ты, анын чет эл ад-ттары м-н байланыштары, театр, журналис­тика, китептаануу, библиография, адабияттаа­ну у ну н т ехни к ас ы ж-а мет оди к ас ы б-ча көптөгөн эмгектерди, СССР элдеринин ад-тта­рын изилдөөгө арналган бир нече макалаларды жазган. «Манас» эпосун иликтөөгө да көңүл бөлүп, «Алтайский эпос и Манас» деген макала жазып, «Манас» эпосун түрк тилдүү башка эл­дердин эпостору м-н катар О. Азия м-н Казак­станда кеңири жайылткан. «Алпамыш» ж-а ал­тайлыктардын «Алып-Манаш» аттуу эпикалык чыгармалары м-н салыштырып караган. К. Са­гидова м-н бирдикте «Манас» эпосу ж-дөгү ад-т­тар б-ча 700дөн ашуун наамдан турган библиогр. көрсөткүчтү түзгөн.