БЕРКОВ
БЕ́РКОВ Павел Наумович [2.(14).12. 1896, Белгород-Днестровский – 9. 8. 1969, Ленинград] – орус адабиятчысы, СССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1960). Ал XIX–XX-кылымдардагы орус адабияты, анын чет эл адабияттары менен байланыштары, театр, журналистика, китеп таануу, библиография, адабият таануунун техникасы жана методикасы боюнча көптөгөн эмгектерди, СССР элдеринин адабияттарын изилдөөгө арналган бир нече макалаларды жазган. «Манас» эпосун иликтөөгө да көңүл бөлүп, «Алтайский эпос и Манас» деген макала жазып, «Манас» эпосун түрк тилдүү башка элдердин эпостору менен катар Орто Азия менен Казакстанда кеңири жайылткан. «Алпамыш» жана алтайлыктардын «Алып-Манаш» аттуу эпикалык чыгармалары менен салыштырып караган. К. Сагидова менен бирдикте «Манас» эпосу жөнүндөгү адабияттар боюнча 700дөн ашуун наамдан турган библиографиялык көрсөткүчтү түзгөн.