БЕРЛИН ОПЕРАЦИЯСЫ
БЕРЛИ́Н ОПЕРАЦИЯСЫ (1945) – Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) убагындагы 1-Беларус, 2-Беларус ж-а 1-Украина (Сов. Союз. маршалдары Г. К. Жуков, К. К. Рокоссовский, И. С. Конев) фронтторунун 1945-ж. 16-апрелден 8-майга чейинки Берлинге чабуул коюу операциясы. Сов. аскерлер 1945-жылдын январь-мартында Чыгыш Пруссия, Польша ж-а Чыгыш Помераниядагы душмандын ири күчтөрүн тал-
калап, кеңири фронт м-н Одер ж-а Нейсе д-ларына чыгышып, Германия жерине терең кирип барышкан. Ал эми англ., амер. аскерлер бир эле мезгилде Батышка чабуулга өтүшкөн. Гитлерчилер союздаштардын келишпестигинен пайдаланып, англ.-амер. башкаруучу чөйрөлөр м-н сепараттык тынчтык түзүүгө умтулган ж-а бардык күчүн сов. аскерлерге каршы жумшап, Берлинге кире бериште күчтүү коргонууну уюштурушкан. Немецтик командование Берлин багытына генерал-полковник Г. Хейнрици башкарган армиялардын «Висла» тобунун ири группировкасын ж-а генерал-фельдмаршал Ф. Шернер башкарган «Борбор» армиялар тобунун 4-танкалык ж-а 17-армияларын топтогон. Берлинди коргоо үчүн Одер ж-а Нейсе д-ларынын батыш жээктеринде аралыгы 20–40 кмге жеткен 3 катар коргонуу тилкесин түзүшкөн. Шаардын өзү да 3 катар туюк курчоого алынып, көчөлөрү
чепке айландырылып, баррикадалар курулган.
Берлинге чабуул коюу үчүн сов. командование 2,5 млн адам, 41600 замбирек м-н миномёт, 6250 танк ж-а өзү жүрүүчү замбирек, 7500 самолёт топтогон. Б. о. 16-апрелде башталат. 1-Беларус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери душмандын коргонуусун бузуп, Берлинди түн. ж-а түш. тарабынан айланып өтүп, 24-апрелде анын түш.-
чыгыш четинен биригишет. 25-апрелде бул
фронттордун аскерлери Кетцин р-нунда жолугушуп, душманды курчоого алышкан. 1-Беларус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери Берлиндин түш.-чыгышында курчоого алынган душмандардын аскерлерин 1-майда биротоло талкалашат. 21-апрелден 2-майга чейин Берлиндин көчөлөрүндө күндүр-түндүр салгылашуулар болуп турган. 30-апрелде генерал-полковник В. И. Кузнецовдун 3-армиясы рейхстагды алуу
үчүн салгылашууну баштап, ошол күнү кечинде
рейхстаг алынып, анын төбөсүнө сержанттар М. А. Егоров м-н М. В. Кантария Жеңиш Туусун сайышкан. 2-майдын таңында Берлин гарнизонунун калган аскерлери биротоло талкаланып, саат 15те Берлин коргонуусунун начальниги генерал Вейдлинг баш болгон душман аскерлери туткунга алынган. Сов. аскерлер батыштагы чабуулун улантып, 1-Украина фронтунун аскерлери 25-апрелде Риза м-н Торгау р-ндорунун тегерегинде амер. 1-армиянын алдыңкы бөлүктөрүнө жолугушкан. 1-майда 1-Беларус фронтунун аскерлери Батыш Померанияда ж-а Макленбургда жеңиштүү чабуулдарын улантып олтуруп, 4-майда Балтика жээгине, Висмар, Шверин ж-а Эльба д-нан чыгышып, англ. аскерлер м-н кездешкен. 4–5-майда Воллин, Узедом ж-а Рюген а-дарын бошотушуп, 9-майда нем. фашисттик аскерлеринин капитуляциясын кабылдоо үчүн Даниянын Борнхольм а-на өтүшкөн. Б. о-нын жүрүшүндө сов. аскерлер душмандын жөө аскерлеринин 70, танкалык 12 ж-а механикалашкан 11 дивизиясын толук талкалап, 480 миңге жакын адамын туткунга алышкан. Б. о-нда сов. аскерлердин өлгөнү, жарадар болгону ж-а дайынсыз жоголгону 304 миңден ашык адам болду; 2156 танкын ж-а өзү жүрүүчү замбирегин, 1220 замбирегин, миномётторун ж-а 527 самолё- тун жоготкон. Б. о-н аяктап, сов. аскерлер союздаштардын аскерлери м-н бирдикте фашисттик Германияны биротоло талкалаган. 8-майда Германиянын командованиесинин Кейтель башчылык кылган өкүлдөрү Германиянын кыңк этпей багынып бергендиги ж-дөгү актыга кол коюшкан.