БЕРЛИН ПАКТЫСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 3 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РЛИН ПАКТЫСЫ (1940) – «Антикоминтерн­дик пактынын» негизги катышуучулары Гер­мания, Италия ж-а Япониянын ортосундагы согуштук союз түзүү жөнүндөгү келишим. Келишимге 27-сентябрда Берлинде кол коюлган. Анын мүчөлөрү өз ара саясий экономикалык ж-а согуштук жар­дам көрсөтүүгө милдеттенишкен. Берлин пактысына Герма­нияга көз каранды болгон Венгриянын (1940-жылы 20-ноябрь), Румыниянын (1940-жылы 23-ноябрь) өкмөттөрү кирген. Кийинчерээк ага Финляндия, Испания, Таиланд, Хорватия, Маньчжоу-Гонун марионет өкмөттөрү кошулган. 2-дүйнөлүк со­гушта (1939–45) фашисттик блоктун жеңили­ши Берлин пактысынын жоюлушуна алып келди.