БЕРНУЛЛИЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРНУЛЛИЛЕР (Bernoulli) – швейцариялык илимпоздор үйбүлөсү. Я к о б Б. (27.12.1654, Базель – 16.8.1705, ошол эле жерде) – матема­тик, Базель ун-тинде проф. (1687). Иниси Иоганн м-н бирдикте вариациялык эсептөөгө жол сал­ган. Анын изопериметрдик маселеси өзгөчө маа­ниге ээ болуп, брахистохрона маселесин чеч­кен. Чоң сандар законунун бир көрүнүшү бол­гон Бернулли теоремасын «Искусстводогу бол­жолдоолор» («Ars conjectandi», Basileae, 1713) эмгегинде далилдеген. Бирдей даражадагы на­туралдык сандардын суммасын эсептөөдө Бер­нулли санын ачкан. Физиканын айрым облусу б-ча да эмгектери бар. И о г а н н Б. (27.7.1667, Базель – 1.1.1748, ошол эле жерде) – математик, Якоб Б-нин ини­си, Петербург ИАнын Ардактуу мүчөсү (1725), Гронинген (Голландия, 1695) ж-а Базель (1705) ун-ттеринин проф. Дифференциалдык ж-а ин­тегралдык эсептөөлөрдү иштеп чыгууда нем. математиги Г. Лейбниц м-н бир катар ачы­лыштарды жасаган. Дифференциалдык ж-а ин­тегралдык эсептөөлөрдүн биринчи системалуу баяндамасын сунуш кылып, кадимки диффе­ренциалдык теңдемелердин чыгарылышынын айрым ыкмаларын иштеп чыккан. Геод. сы­зыктар ж-дөгү классикалык маселени чыга­рып, аны мүнөздөөчү геом. касиеттерин, ки­йин алардын дифференциалдык теңдемелерин тапкан. Механикадагы согуу теориясы, кара­ма-каршылыктуу чөйрөдөгү нерсенин кыймы­лынын теориясы ж. б. тармактар б-ча эмгек­тери бар. Д а н и и л Б. (29.1.1700, Гронинген – 17.3.1782, Базель) – Иоганн Б-нин уулу. Физио­логия, медицина, айрыкча математика ж-а ме­ханика илимдери б-ча көп иштеген. Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү, Базель ун-тинде физио­логия (1733) ж-а механика (1750) б-ча проф. Ма­тематика б-ча алг. теңдемелердин кайрылма ка­тардын жардамы м-н сандык чыгарылыш ык­масы, кадимки дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдык теориясы, астрономия, катарлар теориясы б-ча эмгектерин жараткан.