БЕРНШТАМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРНШТА́М Александр Натанович [18.9((10). 1910, Россия, Керчь – 10.12. 1956, Ленинград азыр Санкт-Петербург)] – чыгыштаануучу, ар­хеолог, этнограф, тарых илимд. доктору (1942), Ленинград мамл. ун-тинин проф. (1946–52); Кыр­гыз ССРинин илимге эмг. сиңирген ишмери (1945); түрк тилдүү элдердин тарыхын изилдеген­дердин, Кыргыз археология илимин негиздеген­дердин бири. 1931-ж. Ленинград мамл. ун-ти­нин география ф-тин бүтүргөн. 1931–35-ж. Ма-

териалдык мад-т тарыхы академиясында, 1935–38-ж. Чыгыштаануу ин-тунда иш­теген. «6–8-к-дагы орхон­енисей түрктөрүнүн социал­дык экономикалык түзүлүшү» темасы б-ча кандидаттык (1935), «Кыргызстан менен кыргыздардын байыркы доордон монгол-татар чап­кынына чейинки тарыхы»

13*


деген темада докторлук (1942) диссертациясын коргогон. 1936-жылдан Б. жетектеген археол. экспедициялар жыл сайын уюштурулуп, Казак­стан ж-а О. Азия элдеринин байыркы тарыхы­на байланыштуу маалыматтар жыйналган. Б. – 250дөй ил. эмгектердин автору. Көп жылдык ил.-изилдөөлөрүнүн негизинде б. з. ч. 2-миң жыл­дыктан тарта б. з. 15-к-на чейинки Кыргызстан­дын тарыхын алгачкылардан болуп мезгилдеш­тирип ж-а Түн. Кыргызстандагы археол. эсте­ликтерди классификациялаган. Анын эмгек­теринде О. Азиядагы, айрыкча Борб. Теңиртоо, Памир-Алай, Талас, Чүй өрөөндөрүндөгү көчмөн элдердин ж-а уруулардын этногенези, коомдук түзүлүшү, чарбасы, о. эле мад-ты м-н иск-восу­нун тарыхы, эпиграфикасы ж-а нумизматика­сы баяндалат. Эмгек Кызыл Туу ордени, медал­дар м-н сыйланган.

Эмг.: Памятники старины Таласской долины. Алматы, 1941; Кыргыз элинин өткөндөгү тарыхый күндөрү. Ф., 1943; Археологический очерк Северной Киргизии. Ф., 1941; Чуйская долина. Алматы, 1950; Историко-археологические очерки Центрального Тянь- Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952; К вопросу происхождения киргизского народа //СЭ, 2. 1955.

Ад.: Заднепровский Ю. А. Александр Натанович Бернштам //КСИИМК, вып. 80; Горбунова Н. А. Н. Бернштам – исследователь древних культур Средней Азии //Сб. «Из истории и археологии древнего Тянь- Шаня». Бишкек, 1996.