БЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 3 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТ —1) негизги геометриялык түшүнүктөрдүн бири. Бул түшүнүккө геометриянын түрдүү бөлүктөрүндө ар кандай маани берилет: элементардык геометрия­да тегиздик, көп грандык, ийри беттер каралат. 2) Кеңири түшүнүк берүү үчүн тегиздиктин бөлү­гүн үзгүлтүксүз деформациялоодон бет алынат. Чоюу, кысуу ж-а ийүү м-н кайрадан эле жаңы бет пайда болот. Булар жөнөкөй бет же эки өл­чөмдүү элемент деп аталат. Жөнөкөй бетке квад­раттын өз ара бир маанилүү ж-а үзгүлтүксүз түспөлү кирет. Чоң тегерек м-н чектелген шар­дын бетинин жарымы да жөнөкөй бетке мисал болот. 3) Алгебралык ж-а аналитикалык геометрияда бет геометриялык чекиттердин көптүгү катары каралат.