БЕТАИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТАИНДЕР – амин кислоталарынын азот атому м-н үч алкил тобу бар комплекстүү туздары. Молекуласында оң заряддуу азот атому ж-а терс заряддуу карбоксил тобу болгондуктан, эки уюлдуу же биполярдуу ион тибинде болот: CH 3 CH ‒‒ N ‒‒ CH ‒‒ C OO

CH 3 R. Cууда жакшы, эфирде начар эрийт; эрүү t өтө жогору. Бетаиндер амин кислоталарга алкилгалогениддерди ж-а алкилсуль­фаттарды таасир кылуудан алынат. Өсүмдүк, жаныбар организмдеринде гликокол бетаин–(СН3)3NЕ CH2COO кеңири таралган. Ал түссүз

кристалл, балкып эрүү t 293°С, кант өндүрүүдө анын калдыктарынан алынат. Хлордуу бетаин (аци­дол) медицинада туз кислотасынын ордуна колдону­лат. Ошондой эле полимерлешүү реакциясында эмуль­гатор, диспергатор, ал эми кагаз, тери, текстиль ж-а металлды кайра иштетүүчү өнөр жайда ным­даткыч катары колдонулат. Республикада кант заводу­нун калдыктарынан алынган Бетаиндерден мал ж-а канаттуунун азыктуулугун жогорулатуучу дары чыгарылат.