БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 4 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТО́Н (фр. betоп, лат. hitumеп – тоо чайыры), к у й м а т а ш – батташтыргычтар (суулуу же суусуз), толтургучтар, кээде атайын кошулма­лардын тыгыздалган аралашмаларынан каты­рып алынуучу жасалма таш материал; негизги курулуш материалынын бири. Калыптоого че­йин аталган аралашма Бетон аралашмасы деп ата­лат. Ал батташтыргычына жараша органикалык эмес бат­таштыргычтан (цемент-, гипс-, силикат-, ысык­ка чыдамдуу Бетон ж. б. атайын даярдалган Бетон) ж-а органикалык батташтыргычтан (асфальт-, пласт-Бетон) даярдалган Бетон болуп бөлүнөт. Цемент-Бетон орточо тыгыздыгы (көлөмдүк кг/м3) боюнча өтө оор (2500дөн жогору), оор (800дөн 2500гө чейин), жеңил (500дөн 1800гө чейин), керамзит-бетон, шлак-бетон ж. б.), өтө жеңил (500дөн аз) болуп айырмаланат. Маанилүү касиети анын бекемди­ги, ал өз кезегинде батташтыргыч заттын түрүнө ж-а сапатына, Бетондун орточо тыгыздыгына көз-каранды. Бекемдиги анын маркасы м-н мү­нөздөлөт (кысууга, чоюлууга ж-а ийилүүгө бе­кемдик чеги). Көпчүлүк Бетондун чоюлууга турук­туулугу анын кысууга болгон бекемдигинен 5– 10 эсеге аз болот.