БЕТОН НАСОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 4 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТО́Н НАСОСУ – бетон аралашмасын түтүк аркылуу аны төшөөчү жайга бүркүп берүүчү ма­шина. Бетон аралашмасы бункерден сорулуп, жумушчу тетик (сүмбө, ротор ж. б.) аркылуу бөлөк-бөлөк тез ажыратылуучу түтүктөн тур­ган бетон-жөнөткүчкө берилет. Бетон насосу горизон­таль багытта 300 мге, вертикаль багытта 40 мге ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүмдүүлүгү 5, 10 ж-а 40 м3/с.