БЕТОН ТӨШӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТО́Н ТӨШӨГҮЧ – бетон ж-а темир-бетон иштеринде бетон аралашмасын бөлүштүрүп, кабыл алуучу машина. Ал адатта курулуштун негизин түптөөчү, келбетин чыгаруучу, төшө­лүүчү бетонду бөлүштүрүүчү ж. б. жол-курулуш машинасы м-н бирге иштейт. Ал ошол жерде чогултула турган темир-бетон буюмдарын даяр­доочу, жолго ж-а аэродром м-н өнөржай имара­тынын таманына ж. б-ларга бетон аралашма­сын жаюучу, бөлүштүрүүчү, тыгыздоочу ж-а үс­түн, жээктерин жасалгалоочу өзү жүрмө жол-курулуш машинасы болуп бөлүнөт. Б. т. м-н салынган тилкенин жазылыгы 3,5 – 7 м, өндү­рүмдүүлүгү 40 – 50 м3/с болот.