БЕТТЕР ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТЕР ТЕОРИЯСЫ – дифференциалдык геомет­риянын беттердин касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Б. т-нда беттин формасы, ийилиши, андагы түрдүү сызыктардын касиеттери, о. эле 2-тартиптеги бет, буралма бет, геликоид, ал эми ж. б. у. с. беттер изилденет. Аффиндик Б. т. көлөмдү сактоочу аффиндик (эквиаффиндик) өзгөртүүлөрдө өзгөрбөөчү беттердин касиеттерин, ал эми проекциялык Б. т-нда беттердин проек­циялуу инварианттык касиеттери каралат. 19- к-дын аягында Б. т-нда регулярдуу беттер гана каралса, 20-к-дын башынан тарта Б. т-нын бир нече изилдөө багыттары бар, изилденүүчү бет­тин касиеттери (мис., томпоктугун) эске алы­нат. О. эле дифференциалдык геометриядагыдай беттин кичине бөлүгү эмес, бүтүндөй бет эсепте­лет. Б. т-нда беттин топол. структурасын кароо маанилүү ролду ойнойт. Көп өлчөмдүү мейкин­диктин дифференциалдык геометриясы, эллип­стик мейкиндик, Лобачевский мейкиндиги б-ча изилдөөлөр бул мейкиндиктердеги Б. т-на кир­ген бир катар геом. фактыларды аныктайт.

Ад.: Рашевский П. К. Курс дифференциальной геометрии. М., 1956; Норден А. П. Теория поверх­ностей. М., 1956.

Б. Э. Канетов.