БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР – фазалардын ор­тосундагы бетте адсорбцияланууга жөндөмдүү ж-а анын натыйжасында алардын беттик энер­гиясын (беттик тартылуусун) азайтуучу заттар. Молекулалары уюлдуу гидрофилдүү топтору м-н бирге углеводород радикалдары бар көпчүлүк орг. бирикмелердин суудагы эритмелери ушун­дай касиетке ээ. Аларга гомол. катардын моле­куласында көмүртектин 12–18 атому бар би­рикмелер тиешелүү. Өтө маанилүү ж-а көп кол­донулуучу, беттик активдүүлүгү жогору заттар­га орг. заттар кирет. Алардын суудагы эритме­лери коллоиддик мүнөздө. Текстиль өндүрүшүн­дө, а. ч-да, нефтини изилдөөдө ж-а кайра иш­тетүүдө, тоокен иштеринде кен байытууда, бе­тон ж-а курулуш материалдарын алууда, ме­таллдарды, пластмассаларды иштетүү техно­логиясында ж. б. тех. маанилүү дисперстик сис­темаларды алууда колдонулат.