БЕТТИК ТАРТЫЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК ТАРТЫЛУУ – туруктуу темп-рада эки фазанын (мис., суюктук ж-а аба) бөлүнгөн че­гиндебеттикаянттыбирбирдиккечоңойтууга сарпталган жумуш чоңдугу м-н аныкталуучу термод. мүнөздөмө. Суюктук бетинин аянтын чоңойтуу үчүн сарп кылынган жумуш негизи­нен молекуланын өзара аракеттешүү күчүн же­ңип, молекулалар суюктуктун ички катмары­нан бетине өтөт. Суюктуктун ички катмарын­дагы молекулаларга караганда бетиндеги моле­куланын потенциалдык энергиясы чоң. Суюк­туктун Б. т-су (Б. т. коэфф-и) анын бетин чек­теп турган контурдун узундук бирдигине ара­кет эткен күчтүн чоңдугуна барабар. Анын күчү дайыма суюктук бетине жүргүзүлгөн жаныма б-ча таасир этет. Эгерде суюктукка сырттан күч таасир этпегенде Б. т-нун негизинде суюктук бети кичине аянттуу шар формасын алат. Себеби суюктуктун ички катмарындагы молекулалар­га караганда ачык бетиндеги молекулалардын өзара тартылуу күчү аз болот.