БЕШИК ТОЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШИК ТОЙ – наристени кундактан (атайын төшөкчө) чыгарып, бешикке салар күнү берилүүчү той. Б. т-го айылдагылар, туугандары чакыры­лып, ошол жердеги кадырлуу байбичелер тара­бынан баланы бешикке салуу жөрөлгөсү жасал­ган. Бул күнү боорсок бышырылып, мал союлуп, айыл-апага тамак берилген. Б. т-го чакырылган­дар белек-бечкегин ала келишип, баланы алка­шып, анын бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмө чачышкан. Баланы бешикке саларда, арча м-н ичи-сыртын аласташкан. Чогулгандар жакшы каалоо, баталарын берип тарашат.