БЕШ-КҮНГӨЙ
БЕШКҮНГӨЙ – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Ташмойнок айыл өкмөтүнө караштуу. Аламүдүн суусунун оң жээгиндеги тектирде, деңиз деңг. 1080 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 15 км түш.-батыш тарапта. Бишкек темиржол бекетинен 13 км. Айылдын түндүгүндө суусактагыч курулган. Кыштак 1898-ж. негизделген. Калкы 2047 (2005); негизинен багбанчылыкта ж-а дыйканчылыкта эмгектенишет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, ашкана, турмуштиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.