БЕШ-КҮНГӨЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШКҮНГӨЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй обл-нун Аламүдүн р-ну нда, Би шк ек ш-нан 15 км түштүктө, деңиз деңг. 1181–1485 м бийиктикте. 1987-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чал­гындаган. Кен аймагы жогорку плиоцен-төмөнкү төртүнчүлүк ж-а антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөгүндү катмарлардан түзүлгөн. Кум-шагыл калың катмарынын туурасы 250– 1200 м болуп, түн.-чыгыш тарапка 1800 мге созу­луп жатат. Кум-шагыл кошулмасынын калың­дыгы 2 мден 174 мге чейин өзгөрөт. Кум-ша­гылдын 20–500 ммге чейинкиси 19%, 0–5 мм – 26%. Кум-шагыл курулуш ишине, жол куру­лушуна ж-а бетонго кошууга жарамдуу. За­пасы В категориясы б-ча – 43025 миң м3, С – 65751 миң м3.