БЕШ ТАШ ТАБИЯТ ПАРКЫ
БЕШТАШ ТАБИЯТ ПАРКЫ 1996-ж. Түн.-Батыш Кырг-ндын табигый комплексин ж-а биол. ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган. Парк Талас өрөөнүндө, Талас Алатоосунун түн. капталынын борб. бөлүгүн ээлейт. Парктын аянты 32411 га. Аймагында татаал өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрү кездешет, а. и. 28 түрү – токой м-н бадалдар. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, чил, илбирс, түркстан сүлөөсүнү, кумай, ителги, көкжору ж. б. Бешташ суусунда жилингир бар. Табият паркында жакынкы жылдарда калктын ж-а чет элдик туристтердин эсалуусу уюштурулган.