БЁРНС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЁРНС Роберт (25.1.1759, Шотландия, Алоуэй кыштагы – 21.7.1796, Дамфрис шаары) – шотланд акы­ны. Жаштайынан жакырчылыктын каарын тарткан. Өз алдынча окуп билим алган. Шот­ландиянын элдик ырларына шыктанып, 15 жа­шынан ыр жаза баштаган. Жергиликтүү чиркөө төбөлдөрүн келекелеген «Эки койчу» (1784), «Со­пусунган Виллинин сыйынуусу» (1785) аттуу сатиралык поэмаларын жазган. «Негизинен шотланд диалектисинде жазылган ырлар» (1786) деген биринчи китеби аны атак-даңкка бөлөгөн. «Брюс – шотландиялыктарга» деген патриоттук гимндин, «Шайыр жакырлар» кан­татасынын, жарандык жана ашыктык лириканын («Эркиндик дарагы» жана башкалар) автору. Ал өзүнүн поэзиясы менен байланышкан Шотландиянын музыка жана поэзия фольклорун чогултуп, басма­га даярдаган. Анын лирикасындагы негизги жанр – ыр. Бёрнстин ырлары XIX кылымдын башынан орусчага которула баштаган. Айрым ырлары кыргыз тилине да которулган.