БИБЛИОГРАФИЯ
БИБЛИОГРА́ФИЯ (грекче biblнon – китеп жана – графия) – басма сөз жана кол жазма продукциялары жөнүндө маалыматтарды даярдап, таратуучу илимий-практикалык тармак. Библиографияга чыгармалардын мазмунун ачуу, аларды атайын белгилери боюнча бөлүштүрүү, баяндоо, системага салуу, адабияттардын көрсөткүчтөрүн, тизмелерин, обзорлорун түзүү жана башкалар кирет.