БИЗЕ
БИЗЕ́ Жорж (25. 10. 1838, Париж – 3. 6. 1875, Парижге жакын Буживаль) - француз композитору. Музыканттын үй-бүлөсүнөн. париж консерваториясына 10 жашында кабыл алынып, аны 1857-жылы бүткөн.

«Кловис жана Клотильда» кантатасы үчүн Чоң Рим сыйлыгын алган. Бизе 20дай опера жазган. «Акак издөөчүлөр» (1863), «Перт сулуусу» (1866), «Арлезиан кызы» (1872) жана башка чыгармаларында реалисттик тенденциялар таасын көрүнөт. Бизенин чыгармачылыгынын туу чокусу – «Кармен» операсы (1874), 1875-жылы Парижде коюлган. Бизенин оркестрдик чыгармалары: «Рим» (1868), «Мекен» драмалык увертюрасы (1874) жана башкалар «Апрель ыры», «Пастораль», «Эл кайда көчөт» сыяктуу романстары француз вокалдык лирикасынын мыкты үлгүлөрүнө кирет. Бизенин «Кармен» операсы 1949-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлуп келе жатат.