БИЗНЕС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 6 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́ЗНЕС (англ. business) – 1) киреше же башка пайда алып келүүчү экономикалык ишкердик‚ кандай­дыр бир иш-аракет; 2) өндүрүштүк‚ соода‚ ком­мерциялык ишкана; 3) бир ишкердин же бүтүндөй фирманын коммерциялык практика­сы же саясаты; 4) жолдуу бүтүм‚ сатып алуу; 5) «ишкер чөйрө»‚ коммерсанттар чөйрөсү. Ак­тивдүү экономикалык ишкердик‚ коммерциялык иш жүр­гүзүүчү субъект бизнесмен деп аталат. Ал кан­дайдыр бир иштин ээси же менежмент‚ марке­тинг‚ финансы ж. б. чөйрөсүндө жалданма кыз­маткер болушу мүмкүн. Бизнесмендин зарыл өздүк сапаты: карьера жасоого‚ өзүн көрсөтүүгө эрки‚ өз турмушун каалагандай жакшыртууга ж. б. далалаты болууга тийиш. Бизнес бизнесмен­дин ж-а коомдун кызыкчылыгын канааттанды­руучу көп киреше ала тургандай иш м-н алек­тенүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биздин өлкөдө чар­ба жүргүзүүнүн рынок системасына өтүшү м-н Бизнестин өнүгүшүнө ж-а ишмердигин кеңейтүүгө жагымдуу шарт түзүлдү.