БИЙИКТИК (геометриялык түшүнүк)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙИКТИК 1 — геом. фигуранын чокусунан не­гизине түшүрүлгөн перпендикулярдын кесинди­си, о. эле ошол кесиндинин узундугу. Ал фигуранын аянтын же көлөмүн аныктоодо колдо­нулат. Үч бурчтуктун, пирамиданын, конустун бийиктиги - чокусунан негизине же анын улан­дысына түшүрүлгөн перпендикулярдын кесин­диси; параллелограммдын, призманын, ци­линдрдин Б-и - параллель жактар же негиздер

арасында камалган жалпы перпендикулярдын кесиндиси; шар алкагынын Б-и - негиздерин­деги параллель тегеректер арасындагы аралык; шар сегментинин Б-и - негизине перпендикуляр болгон шар радиусунун негиз м-н анын шар бетинин арасындагы бөлүгү; тегеректин сегментинин Б-и - тегеректин, сегменттин негизине перпендикуляр радиустун негиз м-н айлананын же тегеректин арасында жаткан бөлүгү. Чийме­де үч бурчтуктун, трапециянын ж-а кесилген конустун Б-и сүрөттөлгөн.


Б. Э. Канетов, Б. Ш. Шабыкеев.