БИЙИКТИК АЛКАКТУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙИКТИК АЛКАКТУУЛУК , бийиктик зоналуулук - тоолордо табигый шарттар м-н процесстердин (климат, топурак, өсүмдүктөр дүйнөсү, рельефти түзүүчү процесстер ж. б.) бийиктикке жараша өзгөрүшү. Кырг-ндын тоо­лоруна чөл ж-а жарымчөл, кургак талаа, талаа ж-а шалбаалуу талаа, токой ж-а шалбаалуу талаа, субальп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа, альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа, кар, мөңгүлүү ландшафт зоналары мүнөздүү.