БИЙЛИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙЛИК – укук, мыйзам, авторитет, ынанды­руу, салт, мораль, талап, кысым, коркутуу, мажбурлоо, кара күч сыяктуу каражаттар ар­кылуу өз эркин башка бирөөнүн эркине таңуу­лоо. Б. – адам коому м-н бирге пайда болгон, мекемелери, куралдуу күчтөрү, чалгындоочу органдары бар башкаруучу күч. Ал биринчи кезекте коомдун бүтүндүгүн ж-а биримдигин камсыз кылууну көздөйт. Б-тин экон., саясий, социалдык, рухий ж-а үйбүлөлүк түрлөрү бар. Ал биринчи кезекте коом м-н мамлекеттин ор­тосундагы мамиле экендиги ж. б. өзгөчөлүктөрү ж-дө Аристотель, Монтескье, Локк, Макиавел­ли, Гегель, Маркс, Ленин, Вебер ж. б. философ­тордун, саясатчылардын эмгектеринен белгилүү. Б. субъекттери – мамлекет ж-а анын ин-ттары, саясий элиталар, лидерлер, саясий партиялар; объекттери – индивиддер, социалдык топтор, масса, эл катмарлары ж. б. Функциялары – жетекчилик, башкаруу, үстөмдүк, жөнгө салуу, тарбиялоо, көзөмөл, уюштуруу, жазалоо ж. б. Б-тин бир катар айырмаланган сапаттуу белги­лери (атрибуттары) бар: легалдуулук, чечим­деринин милдеттүүлүгү, ачыктыгы, жалпыга бирдейлиги, коом атынан башкаруусу, борбор­доштурулганы, ресурстуулугу.


Т. Эсенгелдиев.