БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙЛИКТИН БӨЛҮНҮҮ ТЕОРИЯСЫ – бийлик укуктарын мамл. бийликтин бутактарына бө­лүштүрүп берүү. Аристотель ж-а Цицерон иш­теп чыккан «аралаш башкаруу» идеясынан ке­лип чыккан. Жаңы мезгилдеги пайда болгон европ. саясий ой жүгүртүүдө Б. б. т-н Ж. Локк негиздеп, Ш. Монтескье, А. Гамильтон, Ж. Мэ­дисон өнүктүрүшкөн. Б. б. т-нын негизги маңы­зы: 1) мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бий­ликтери конституцияга ылайык адамдарга ж-а органдарга берилет; 2) бийликтердин бирөө да экинчи бир бийликти өзалдынча, жок кыла албайт; 3) конституция тарабынан бийликтер­дин бирөөнө берилген укуктан экинчи бирөө­лөрү пайдалана албайт; 4) сот бийлиги саясий таасирлерге көзкаранды болбостон, аракет кы­лат, соттор кызмат ордунда узакка чейин иштөө укугуна ээ. Бийлик укуктарынын верти­калдык бөлүнүшү ар түрдүү деңгээлдеги мамл. башкаруунун субъектилеринин ортосунда бий­лик укуктарынын бөлүнүшүн көрсөтөт; горизон­талдык жактан болсо, бийлик укуктары бий­ликтин үч органына (бийликтин «бутактары») – мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийликтери­не бөлүнөт.