БИЙСЕЕВ
БИЙСЕЕВ Доктурбек Касымбекович (28.2.1960- ж. т., Нарын обл., Жумгал р-ну, Чаек кыш.) – бийчи, балетмейстер, КРдин эл арт. (2004). 1970– 79-ж. Ленинграддагы В. Я. Ваганова атн. Акад.

хореография окуу жайында
оку ган, 2002-ж. Кыргыз улуттук консерваториясынын балетмейстердик бөлүмүн бүтүргөн. 1979-жылдан А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрынын алдындагы студияда классикалык бийден сабак берет. Л. Минкустун «Баядеркасынан» Солордун, «Дон Кихоттон» Базилдин, А. Адандын «Корсарынан» Бирбантонун, К. Молдобасановдун «Маңкуртунан» Жуан-Жуандын, «Саманчы жолунан» Жоокердин, В. Власовдун «Аселинен» Байтемирдин, П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен» Принцтин, «Ак куу көлүнөн» Шуттун, Э. Жумабаевдин «Саадак кактысынан» Жаналгычтын, «Ак кемесинен» Баланын, М. Раухвергердин «Чолпонунан» Жиндин, Т. Хренниковдун «Макбетинен» Банконун ж. б. партияларды, Н. Нишановдун «Ак кептер», «Шырдак бий», «Шаман», «Ак куулар», С. Сакеевдин «Саймалуу таш» ж. б. концерттик бийлерди аткарган. 1976-ж. Дрезден ш-нда, 1981– 91-ж. Москвада, Минскиде, Ташкенде, Дүйшөмбүдө, Ригада, Алматыда, Киевде, Ереванда, Санкт-Петербургда, Таллинде, 2002-ж. АКШда,
Түркиянын Анталия ш-нда өткөн балет артисттеринин эларалык конкурстарына, фестивалдарына катышкан. 1989-ж. О. Азия респ-ларынын ж-а Казакстан балет артисттеринин конкурсунда лауреаттыкты ж-а Күмүш медалды жеңип алган. 1997-ж. бийчилерди даярдай турган «Бий-Данс» деген балет мектебин ачкан. 2001–02-ж. Вена ш-нда өткөн «Импульс-Бий» аттуу эларалык фестивалдын чакыруусу б-ча концерттик программасына катышып, классикалык бий б-ча сабак берген. Медалдар м-н сыйланган.