БИЛЕРИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:45, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛЕРИК – кыз-келиндер билегине салына тур­ган асем буюм. Алтын, күмүш, жезден, ошондой эле мүйүздөн да жасалган. Зергерлер Билерикке асыл таш­тардан көзчө салып, «кыял», «мүйүз» өңдүү оюм­-чийимдин татынакай нускаларын түшүрөт.

Билериктин жалпак жана жумуру түрлөрү болот. Мүйүз Билерик да өзүнчө көркөмдө­лөт. Мүйүздүн көң­дөй жеринен араа­ланып алынат да, Билерик турпатына кел­тирилет. Мүйүз Билерикке да акак таш жана башкалар чөгөрүлүп, оюм-чийим менен кооздолот. Учурда желим, үлүл ка­быктарынан, иш­телген тери жана башка көркөмдөлүп жа­салган Билериктин ар кандай түрлөрү кездешет.

Билерик. Аялдын кооз буюму. Күмүш, XIX кылым. Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейи.
Заманбап билерик
Ай билерик. Күмүш, алтын менен жалатылган, улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон.
Файл:БИЛЕРИК111.png
Файл:БИЛЕРИК112.png