БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ – билим берүү системасындагы олуттуу өзгөрүүлөр. Азыркы мезгилде анын укуктук ж-а нормативдик неги­зи болуп «Билим берүүнү өнүктүрүү концепция­сы», «Билим берүү жөнүндө» мыйзам (2204) эсеп­телет. Эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөргө орто мек­тептердин 11 жылдык окуу мөөнөтүнө толук өтүүсүн, орто, атайын орто ж-а жогорку окуу жайларынын менчик формасынын, тиби ж-а мазмунунун, о. эле окуу программаларынын көп түрдүүлүгүн (варианттуулугун), окуу жайлары­нын жаңы муундагы компьютерлер м-н жабды­лып, дүйнөлүк информ. системага кирүүсүн, жаңы муундагы окуу китептеринин пайда болу­шун, окуучулардын ж-а студенттердин чет өлкө­лөрдө, чет өлкөлүктөрдүн Кырг-нда окуу мүм­күнчүлүгүнө ээ болушун, эларалык уюмдардын программаларынын Кырг-ндагы окуу жайлары­на кириши аркылуу дүйнөлүк билим берүү сис­темасына интеграцияланууну ж. б. кошууга бо­лот. 1996-ж. кабыл алынган улуттук «Билим» программасы да бул процессти турукташтыруу­га арналган. Өлкөдөгү саясий-экон. өзгөрүүлөр билим берүүнүн максаттарын кайра карап чы­гуу милдетин койду. Билим берүү тармагынын өнүгүү багыты 2025-жылга чейинки КРдин «Би­лим берүү боюнча мамлекеттик доктринасын­да», КРдин «2010-жылга чейинки өнүгүүсүнүн комплекстүү негиздеринин стратегиялык про­граммасында» белгиленип, аны ишке ашыруу жолдору Кыргыз өкмөтүнүн 2001-ж. март айын­да бекитилген КРдин «2010-жылга чейин би­л им берүүнү ө нүк т үрүү к онцепци я сында» көрсөтүлгөн. Реформанын негизги максаты – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн ж-а экон. өсүшүн, адам ресурсунун коомдук өзгөрүүлөргө ылайык өркүндөшүн ж-а инсандын билимге болгон та­лабын канааттандырууну шарттаган эффек­тивдүү билим берүү системасын түзүү. Муну жүзөгө ашыруда төмөндөгү артыкчылыктуу ма­селелерди чечүү талап кылынат: билим берүүнү башкаруунун натыйжалуу коомдук-мамл. сис­темасын түзүү; билим сапатын гарантиялаган ийкемдүү механизмдерди түзүү – бардык дең­гээлде сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүн-


чүлүктү шарттаган мамл. гарантияны камсыз кылуу; билим берүү кызматын эксперттоого шарт түзүү. Б. б. р-нын негизги багыттары: мек­тепке чейинки билим ж-а тарбия берүүнү пропа­гандалоо ж-а мектепке чейинки тарбиялоо ме­кемелеринин билим берүү мазмунун, стандарт­тарын кайра карап чыгуу; билим берүү мекеме­лерин лицензиялоо ж-а аттестациялоо система­сын өркүндөтүү ж-а улуттук тест жүргүзүү сис­темасын киргизүү аркылуу билим сапатын га­рантиялоону бекемдөө ж-а агартуу мекемелери­нин ишмердигин баалоо механизмдерин күчөтүү; көзкаранды эмес тест жүргүзүү кызматын уюш­туруу; Кырг-ндын билим берүү системасын бүткүл дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине ин­теграциялоо; башкаруунун мамл.-коомдук орга­ны катары билим берүү мекемелеринде «Кам­корчулар кеңешин» түзүү; эмгек рыногун изилдөө аркылуу билим берүү саясатын жөнгө салуу; рынок мамилелерин өнүктүрүү, мамл. каражат­ты пайдалануунун эффективдүүлүгүн арттыруу ж-а билим берүү мекемелерин финансылоо ар­кылуу экон. мамилелерди турукташтыруу ж-а өнүктүрүү ж. б.

Ч. Тилекбаев.