БИЛЬБАО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛЬБА́О – Испаниянын түндүгүндөгү порт шаар. Атлантика океанынын Бискайя булуңу­нун жээгинде, Нервьон дарыясынын төмөнкү агымын­да жайгашкан. Бильбао Баск өлкөсүнүн ж-а Бискайя провинциясынын административдик борбору. Калкы 352,3 миң (2004). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кара металлургия, оор машина куруу, химия, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш, айнек, кагаз өнөр жайлары, музей, университет иштейт. Готи­ка стилиндеги сепил (14-кылым), «модерн» стилин­деги ратуша (1890, архитектор Руков) сакталган. 1300-жылы негизделген.