БИМЕТАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИМЕТАЛИ́ЗМ (лат. bi – эки ж-а металл) – мыйзамдуу төлөм каражаты, эки металл – ал­тын ж-а күмүш акча системасы. Бул металл­дардан жасалган тыйындар бирдей негизде жү­гүртүлөт. О. кылымда Европада кеңири тара­ган. Күмүш арзандагандан кийин (19-к-дын аягында) дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү күмүш тыйынды эркин жасоону токтотушкан. Ал­тындын күмүшкө караганда акча материалы ка­тары артыкчылыгы 19-к-дын аягынан тартып алтын монометализмине өтүүгө шарт түздү.