БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУ́РА (лат. binarius – кош) – өсүмдүк, жаныбар, микроорганизм түрлө­рүнүн эки сөз м-н аталышы. Аны швед окумуш­туусу К. Линней киргизген (1753). Өсүмдүктөргө ботан. ат коюу ж-дө атайын эреже иштелип чык­кан ж-а мезгили м-н Эларалык ботан. конгрессте каралып турат. Түрдүн аты эки сөз м-н (уруусу ж-а түрү) латын тилинде берилет. Бул номен­клатура таксономиялык маалыматты так бе­рип, колдонууга оңой болгондуктан, азыркыга чейин кеңири колдонулат.