БИОГЕОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕОГРА́ФИЯ (био... ж-а география) – био­ценоздордун, а. и. өсүмдүк, жаныбарлар ж-а микроорганизмдердин таралуу мыйзамченем­дүүлүгү ж-дөгү илим. Б. биосфера ж-дөгү илим­дердин курамына кирет. Ал микроорганизмдер географиясын, өсүмдүктөр географиясын, өсүмдүк жамаатташтыгынын географиясын, жаныбар­лар географиясын ж-а жалпы организмдер географиясын камтыйт. Б-ны айрым авторлор (Э. Маттон, В. Г. Гептнер, Ф. Витисек ж. б.) ботан. география м-н зоол. географиянын би­римдиги катары караса, башкалары (В. Б. Со­чава) – жер бетиндеги орг. дүйнөнүн таралуусу­нун жалпы геогр. мыйзамченемдүүлүгүн изил­деген өзалдынча илим тармагы деп эсептейт. Б. илим катары 19-к-дын башында, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар географиясы ж-дө маалымат­тар топтолгондон кийин калыптанган. Негизги багыттары: ареологиялык, флоралык, фауна­лык, экол., тарыхый ж-а региондук биогеогра­фия. Б. өсүмдүк м-н жаныбарлардын айрым түр­лөрүнүн жайгашуусун, о. эле айрым облустар­дын флоралык ж-а фауналык өзгөчөлүктөрүн аныктайт; жершарынын бири-бирине баш ий­ген Б-лык райондорунун системасын бөлөт. Организмдердин азыркы таралуусунун себептерин ж-а алардын айлана-чөйрө м-н байланышын изилдейт. Б. Үсөнканов.