БИОГЕОГРАФИЯ
БИОГЕОГРА́ФИЯ (био... ж-а география) – биоценоздордун, анын ичинде өсүмдүк, жаныбарлар ж-а микроорганизмдердин таралуу мыйзам ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим. Биогеография биосфера жөнүндөгү илимдердин курамына кирет. Ал микроорганизмдер географиясын, өсүмдүктөр географиясын, өсүмдүк жамаатташтыгынын географиясын, жаныбарлар географиясын ж-а жалпы организмдер географиясын камтыйт. Биогеографияны айрым авторлор (Э. Маттон, В. Г. Гептнер, Ф. Витисек ж. б.) ботаникалык география м-н зоологиялык географиянын биримдиги катары караса, башкалары (В. Б. Сочава) – жер бетиндеги органикалык дүйнөнүн таралуусунун жалпы географиялык мыйзам ченемдүүлүгүн изилдеген өз алдынча илим тармагы деп эсептейт. Биогеография илим катары 19-кылымдын башында, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар географиясы жөнүндө маалыматтар топтолгондон кийин калыптанган. Негизги багыттары: ареологиялык, флоралык, фауналык, экологиялык, тарыхый ж-а региондук биогеография. Биогеография өсүмдүк м-н жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн жайгашуусун, ошондой эле айрым облустардын флоралык ж-а фауналык өзгөчөлүктөрүн аныктайт; жер шарынын бири-бирине баш ийген Биогеографиялык райондорунун системасын бөлөт. Организмдердин азыркы таралуусунун себептерин ж-а алардын айлана-чөйрө м-н байланышын изилдейт.
Б. Үсөнканов.