БИОГЕОСФЕРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:41, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕОСФЕ́РА (био..., гео..., ...сфера) – Жер ­шарынын организмдер топтолгон кабыгы; ли­тосферанын, атмосферанын жер бетине жакын жайгашкан бөлүктөрүн камтыйт. Биогеосфера биосфера­га караганда тарыраак түшүнүк. Биогеосфера – Жердин адам баласынын жашоосу ж-а тиричилиги үчүн ылайыктуу катмары. Терминди 1956-жылы орус гео­графы Ю. К. Ефремов киргизген. Биогеосферанын айрым синонимдери – тиричилик кабыгы (В. И. Вер­надский), биогеоценоз катмары (В. Н. Сука­чев), фитогеосфера (Е. М. Лавренко), эпигенема (И. Р. Аболин), витасфера (А. Н. Тютюканов ж-а В. Д. Александров) ж. б.