БИОГЕОХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕОХИ́МИЯгеохимиянын бир бөлүгү. Биогеохимия организмдин химиялык курамын ж-а химиялык элемент­тердин жер бетине таралышына ж-а топтолуу­суна тирүү заттардын катышын изилдейт. Орга­низмдер жашоо тиричилигинде түрлүү химиялык эле­менттерди өзүнө сиңирет, кийин алар ажырап, бөлүнүп чыгат да, бир жерге чогулат же чачы­рап кетет. Биогеохимия процесстеринин өөрчүшүндө орга­низмдин көбөйүү ылдамдыгы чоң мааниге ээ. Бул өзгөчө жөнөкөй түзүлүштөгү өтө тез көбөйө турган организмдерге (бактериялар, козугарын­дар, балырлар) тиешелүү. Тирүү организмдин курамына бизге белгилүү химиялык элементтердин дээрлик баары ж-а алардын изотоптору кирет. Көбүнчө организмдердин тиги же бул түрү белги­лүү гана химиялык элементтерди өзүнө топтойт, башкача айтканда организмдин химмиялык курамы белгилүү бир түр үчүн мүнөздүү белги болуп саналат.

Ад.: Ковальский В. В. Геохимическая среда и жизнь. М., 1982.