БИОЛОГИЯЛЫК КАДАСТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОГИЯЛЫК КАДА́СТР – жаратылыш ре­сурстарынын белгилүү бир бөлүгүн же жалпы эле алардын санын, сапатын, мүнөздөрүн систе­матикалык түрдө жыйноо ж-а иретке келтирүү системасы. Жаратылыш ресурстары ж-дө маа­лыматтарды жыйноодо, табигый чөйрөнүн ком­поненттерине мезгил-мезгили м-н же үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүп, аларды сарамжал пайдала­нуу ж-а коргоо б-ча сунуштар берилет. Б. к. суу, жер, токой ж. б. жаратылыш ресурстарынын кадастры деп бөлүнөт.